Улуу имам Ахмад бин Ханбалдын башынан өткөн окуя
Ассаламу алейкум мусулман бир туугандар. "Икро Медиа" каналынын бул чыгарылышында улуу аалым Ахмад бин Ханбалдын башынан өткөн окуя баяндалды. Риваяттарга ылайык Ахмад бин Ханбал бир аймакка барып калат. Күүгүм кирген соң улуу имам ал жердин мечитине барып намаз окуп, ошол жерде түнөп калууну чечет. Бирок, аны ошол мечиттин кароолчусу кубалап чыгып, көчөгө алып барып таштайт. Ошол жерден айласы түгөнгөн имамды наабайчы өзүнө чакырып, өзүндө түнөп кетүүсү үчүн жай бөлүп берет... Баянда колдонулган сүрөттөр: https://www.pexels.com/ru-ru/video/857056/ ушул сайттан алынды. Сайттын негиздөөчүлөрү менен авторлоруна ыраазычылык билдиребиз.