Суваналиев Сох анклавы боюнча түшүндүрмө берди HD

15.03.2021
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев "Азаттыкка" жооп берип, Кыргызстан Өзбекстандын Сох анклавына коридор ачат деген маалыматтар туура эмес деп айтты. “Андай сөздөрдүн бардыгы калп. Эч кандай коридор тууралуу сөз болгон эмес. Ушундай сөздөрдү айрым эксперттер айтып жатышат. Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен Кыргызтандын мамилеси жакшы деңгээлде турат. Мындан ары да жылуу, жакшы мамиле болот" , - деди Суваналиев. 13-мартта президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун Өзбекстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы жөнүндө орусча маалымат берип, кыргыз бийлиги Кыргызстандын аймагында жайгашкан Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр экенин, анын жашоочулары чек ара аркылуу ары-бери эркин каттай ала турганын билдирген. Басма сөз катчы Өзбекстан Кыргызстанга буга чейин талаштуу аймак болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр экенин белгилеген. Социалдык тармактарда Кыргызстандын бул чечими кызуу талкууга жем таштаган. Бир нече сааттан кийин Үңкүр-Тоо аймагы жана Сох анклавы боюнча тараткан маалымат президенттин сайтынан өчүрүлүп, кайра өзгөртүлгөн тексти жарыяланган. Анда кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына аба каттамдарын гана ачууга даяр экени айтылат. Буга чейин орус тилинде таратылган маалыматта транспорт жолу дагы ачылары айтылган. _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/ https://www.instagram.com/azattykmedia/ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org https://www.facebook.com/azattyk Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus

Похожие видео

Показать еще