Күндүн ыргагы: Абакта өлгөн жоокер токко урунган эмес. Атамбаев Башкы прокуратураны сотко берди
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев каза болгон эки жоокер тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берди. Нуралиев билдиргендей, эки аскердин өлүмү жүрөк оорусуна байланыштуу болгон. Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Башкы прокуратураны сотко берди. Бул маалыматты Сейитбек Атамбаев 24.kg агенттигине тастыктап, калган суроолорго түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. «Автомаш-Энергонун» директору көзөмөл органынан эмне талап кылганы азырынча белгисиз. КСДП партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков «Фейсбук» баракчасына доо-арызга Башкы прокуратуранын пресс-релизи себеп болду деп жазган. Буга чейин Башкы прокуратура мурунку президентке карата козголгон кылмыш иштеринин алкагында Алмазбек Атамбаевдин жана анын жакындарынын мүлкүн, активдерин жана мекемелерин текшерилет деп билдирген. Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, 2015-жылдан бери «Автомаш-Энерго» бир дагы жолу салыктык текшерүү жүргүзүлгөн эмес. Мындан тышкары фирманын жетекчилиги салык органдарына керектүү документтерди көргөзүүдөн баш тартып келет. Эске салсак, 31-октябрда «Автомаш-Энерго» ишканасынын башкы кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн.