Айдар Халиков: “Ар бир адам өзүнүн улутун сүйөт, референдумсуз улут графасын алгандар чыккынчылар”

21.02.2019
Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыз Айдар Халиков Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев менен Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Тайырбек Сарпашовго каршы доо арыз менен сотко кайрылган. Ал өз арызында, соттон келтирилген моралдык чыгым үчүн экс-президент менен Тайырбек Сарпашовдон 6 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Этникалык кыргыз мамлекеттик паспорттогу улутту көрсөткөн графаны бийлик элден сурабай, референдум өткөрбөй туруп алып салгандыгы туура эмес деп эсептейт. Халиков эмне үчүн улут графасын элден сурабай, таңуулап кабыл алган ошол кездеги бийлик өкүлдөрүн сотко бергенин KyrgyzToday маалымат агенттигине айтып берди. Эскерте кетсек, паспорттогу улутту көрсөткөн графа 2016-жылы Атамбаевдик режим учурунда алынып салынган.

Похожие видео

Показать еще