Жаңы шарттагы билим алуу, онлайн жана дистанттык билим берүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу
«ММК Колдоо Борбору» Фонду КР Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Билим берүү Академиясы менен өнөктөктөштүк макулдашуусу менен «МедиаСабак: Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүү системасында медиа-маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырууда карантин шартында окуу жараянын уюштуруу боюнча бир катар демилгелерди сунуш кылат. Азыркы кырдаалга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин “Мегаком” компаниясы менен кызматташтыгынын негизинде мугалимдерге акысыз симкарталар таратылып, андагы каралган мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу боюнча көпчүлүктү кызыктырган суроолор көбөйүүдө. Бул жагдайды эске алып, эртең (4-апрель) саат 10:00дө өтүүчү вебинарыбызга аталган компаниянын өкүлүн чакырдык. Андан тышкары биздин өнөктөш Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов Google кызматтарынын өзгөчөлүктөрү, ошондой эле аны билим берүү жараянында кантип пайдалануу керек экендиги тууралуу да кеп кылат. Фейсбук баракчага/ютуб-каналга айтылган убакытта кирип, суроолоруңуздарды узатсаңыздар болот.