Көрүстөн короосун байырлаган үй-бүлө HD

16.10.2014
Оштогу лөлүлөр арасындагы бир үй-бүлө көрүстөнгө тиешелүү үйдө күн кечирип келүүдө. Буларды айыл көрүстөнүнүн жай казуучу шаймандар коюлуучу кампасына айыл имамы жайгаштырган. Көрүстөндүн бир бөлмөлүү кампасында учурда Хакимжан Батиров аялы жана төрт баласы менен жашап жатат. Батировдордун айыл көрүстөнүн байырлап калышына өз үйлөрүнүн жоктугу, аларга лөлүлөр жашаган Жаңы Айылдан жер тилкеси берилбегени себеп болууда. Үй-бүлө башчысы Хаимжан Батиров эч жерде туруктуу иштебейт. Аялы Карияхон Умарова көчөдөн темир терип сатат жана тилемчилик кылат.

Похожие видео

Кыйналганда баламды бирөөгө берейин дегем 29 жаштагы 5 балалуу эненин арманы:
27.05.2017
04:43

Кыйналганда баламды бирөөгө берейин дегем 29 жаштагы 5 балалуу эненин арманы: "Жолдошум акчанын айыбынан жаңы төрөлгөн кенже баламды сатабыз деди..." Абдылдаева Гульнара секелек кезинде ар бир кыздардай эле кыялданып, болочок күйөөсүнүн таттуу сөздөрүнө ишенип турмушка чыккан. Ойлогону тескерисинен чыгып турмуш курган күндөн баштап көзүнүн жашы кургай элек. Жолдошу алдамчылык менен адамдардан акча алып жашачу экен, 3 - баласынан кийин алдамчылыктын артынан түрмөгө отургузулат. Сүйүүнүн көзү көр дегендей күйөөсүнүн кылыгына ишенбей ал түрмөдө отурган кезинде кайын – журту жардам бербей койгондуктан төркүнүнөн акча алып күйөөсүнүн карыздарынан кутулуп, 3 баласы менен иштеп балдарын багат. Түрмөдөн чыккан күйөөсү адал оокат кылып үй бүлө баккандын ордуна мурдагы ишин кайра улантат да алдамчылык менен экинчи жолу темир тор аркасында калат. Ал учурда 5 баланын энеси болгон бул айым балдарын жалгыз иштеп багат, жолдошунун карыздарынан кутулат. Экинчи жолу түрмөдөн чыгып таш боор жолд

одноклассники
Показать еще