Кара-Сууда адам укугун коргоо начар
Кара-Суу районундагы бир катар милиция кызматкерлеринин кызмат орду каралат. Район менен 4 айыл өкмөттүн башчысынын ишмердүүлүгү сынга алынды. Бирок, калктын жашоо-шартын жакшыртуу, инфратүзүмдү ондоо боюнча жүрүп жаткан иштен район четте эмес. Ал эми Ош шаарында уюштуруу ишинин начардыгынан элдик жыйын өз убагынан кечигип башталды. Анда, шаар тургундары турак жай кооперативдери жана мыйзамсыз курулуштар туурасында ойлорун ачыкташты.