Өз өмүрүн кыйууга даяр болуп калган келиндин тагдыры
Кайсы мамлекеттик мекемеге кайрылбасын, бардык жерде паракорлорго кабылган жаш келин, өз өмүрүн - кыйууну ойлоно баштады! Кара-Суу районунун 25 жаштагы тургуну, мурдагы күйөөсүнөн алимент өндүрүп алуу үчүн, сотко кайрылган. Өз пайдасына чечим чыкканына карабай, сот аткаруучулар андан пара талап кылышкан. Буга кошумча, балдарына жөлөк пул алуу үчүн, Кара-Суу райондук социалдык коргоо бөлүмүнө кайрылганда дагы, аткаминээрлер андан -акча сурашкан. Балдарын жалгыз баккан жаш келин, учурда адам жашай алгыс жерде күн көрүп, базарда желим баштык, бөтөлкө чогултуп күн өткөрүүдө. Мындан улам, эч кимден жардам ала албаган аял, айласы түгөнүп, балдарын кантип багаарын билбей жатат.
Похожие видео
Показать еще