Өзбекистан түрмөлөрүндөгу кармалып турган адамдарды өлтүрүүнүн саны өсүүдө HD

12.05.2016
Өзбекистан түрмөлөрүндөгу кармалып турган адамдарды өлтүрүүнүн саны өсүүдө. Навои шаарында жайгашкан түрмөдө кыйноо жолу менен өлтүрүүлөдүн саны өсүүдө. Укук коргоочу уюмдардын белгилешинче, ушул жылдын башында эле ушундай эки окуя болгон, курмандар кыйноо жолу менен өлтүрүлгөнү далилденген. Булар "диний негизде" соттолгондор болушкан, тактап айтсак алар экстремизм негизинде күнөөлөнүп соттолгон мусулмандар. 11-февраль күнү 44-жаштагы Дастан Абдурахмановдун туугандарына кабар беришкен, он жети жыл колонияда олтуруп кокустан эле каза болуп калган имиш. Абдурахманов 1999-жылы мамлекеттик түзүлүшкө каршы чыкканы үчүн 9 жылга соттолуп, 2008-жылы мөөнөтү бүтүп боштондука чыгат эле, түрмө администрациясына баш ийбегендиги үчүн деген айып менен, үч жолу мөөнөтү атайылап узартылган. Ушул эле Навойи түрмөсүндө Хасанов Махмуджан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн, 1999-жылы 9 жылга соттолуп, уч жолу мөөнөтү узартылган. Ардайымкыдай эле, каза болгондорду туугандарына, жакындарына жана коңшуларына да билдирбей, милициянын көзөмөлү менен алып келишип тезиреек денени жерге берүүгө буйруп, карап турушат. Сталиндик 37 жылкы режимде жашап жаткандай сезимде каласың. Адамдарга каза болгон жакындарынын эмнеден каза болгонун, кайсыл жамаатарга тийешелүү экенин айтысууна да тыйуу салынган.

Похожие видео

Показать еще