«Миссис Ош» сынагын 32 жаштагы теле алып баруучу жеңди HD
Ош шаарында алгачкы жолу «Миссис Ош» сынагы уюштурулуп, финалдык бөлүгү кечээ, 10-июнда болуп өттү. Ага Ош облусунун бардык аймагынан 8 талапкер катышты. Сынактын уюштуруучусу Эрзаман Абдикеримовдун айтымында, катышуучулар кастинг аркылуу тандалган. «Буга чейин кастингге Ош облусунун аймагынан 26 аял келген. Алардын ичинен 8 аялды тандап алдык. Мындай сынак Ош шаарында биринчи ирет болуп жатат. Сынактын өзгөчөлүгү 23 жаштан 50 жашка чейинки айымдардын арасында өткөрүлгөндүгү деп ойлойм», - деди ал. Аталган сынакта катышуучулар төрт багыт боюнча: саламдашуу, улуттук тамак-аштарды даярдоо, улуттук кийимдерди сахнада көргөзүү, ыңгайлуу кечки кийимдер коллекциясын жана талантын көрсөтүү багытында жарышты. Сынактын жыйынтыгында Айжамал Асилбекова жеңүүчү аталып, «Миссис Ош» наамына ээ болуу менен эл аралык сынакка жолдомо алды. Ал эми «1-вице-миссис» наамына Бегимай Айдарбек кызы ээ болду, «2-Вице-миссис» наамына Элеонора Рысалиева татыды. Мындан сырткары сынакта «Күлкү сулуусу», «Таланттуу сулуу», «Подиум сулуусу» наамдары да өз ээсин тапты. Алардын ичинен «Подиум сулуусу» наамына ээ болгон Гузел Якубова калыстар тарабынан «Миссис Кыргызстан» сынагына жолдомо алды.