Жээнбеков Жогорку Кеңешке: Сиздерди абдан чоң иштер күтүп турат HD

19.06.2019
Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттарына шайлоочулар менен иштиктүү жолугушууларды каалап, алдыда аларды чоң иштер күтүп турганын айтты. Бүгүн президент парламентке барып, жаңы дайындалган министрлердин ант берүүсүнө катышты. - Алдыда шайлоочулар менен жолугушууларыңар болот. Андан кийин бир ай эс аласыздар. Шайлоочулар менен жолугушууларыңар иштиктүү болсун. Жакшы эс алып, кайра келиңиздер. Сиздерди дагы абдан чоң иштер күтүп турат, - деди Жээнбеков.

Похожие видео