Башкы прокурор Индира Жолдубаева мекемеде декретке чыккан эркектер да бар экенин танбайт HD
Айрым депутаттарга жана сотторго карата ачылган кылмыш иштери токтоп турат. Бул тууралуу Башкы Прокурор Индира Жолдубаева, парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде - маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, мындай көрүнүшкө, депутаттар өз кесиптештерин - коргоп жатканы себепкер болууда. Өз кезегинде, эл өкүлдөрү дагы Башкы прокурорго курч суроолорду берип жатышты. Мисалы, прокуратура кызматкерлеринин маянасы 15 миң сомдон ашпаганына карабай, мыйзамдуулукту сактагандар, кымбат автоунааларды минип, чоң хансарайларда жашап жатышканы кызыктырды. Башкы прокурордун отчетун Мээрим Ташыбекова дагы угуп келди.