Каракол-туризм: тейлөө жакшырбай жатат

10.02.2015
Кышкы туризм Кыргызстанда өрүш алды. Ысык-Көлдөгү Каракол лыжа базасында туризмдин аркасы менен жергиликтүү эл да каражат тапкандады эптештирди. Айрымдары бөлмөлөрүн ижарага берсе, тамак жаcап саткан, унаа айдагандар, туристтерге гид болгон жана такси аркылуу акча тапкандар жок эмес. Демек өлкөдөгү кышкы туризмди элдер да эптештирип жатканын айтса болот. Бирок айталы дегенибиз кышкы туризм жаратылыш берген байлыктан ары, жергиликтүү бийликтин шарт түзүп дагы туризмди өнүктүрөлү деп кадам таштабай жатканында. Биздин кабарчылар Каракол лыжа базасында чет жакадан келген туристтер көп болуп, жатаарга бош жатакана жок экенин байкашкан. Бирок туристтер кандай тоскоолдуктар менен ал жака жетишкени башка кеп болуп атат. Себеби, кадимки эле көчөлөргө шагыл, кумдун себилбегени, ошол Каракол базасына жетүүгө тозок жол болуп атат. Себилсе да чоңдор келатканда чачылат деп жергиликтүүлөр кош колдошту. Мындайды көргөн меймандар унаасы менен жетчү жерге жете албай, унаасын калтырып жергиликтүү элдин унаасы менен базага жетип барышат. Ошондуктан туризм өнүгүп атат деп мактанганыбыз менен, бери жагындагы жөнөкөй шарт түзүп берүү маселеси унутта калып жатканы өкүндүрөт. Табигат бизге жаратылышты берди, биз аны өнүктүрүүгө эмне кылдык - деген суроо азына гана берилип, жоопсуз калып жатканын жашырбайбыз. Ошондуктан келген меймандарга ыңгайлуу шарттуу түзүп берүү ал албетте биздин милдетибиз - деген облус бийлиги Ысык-Көлдү өнүктүрүү боюнча мастер планды иштеп чыктык дейт. Анын ичине туризм да камтылганын айтышкандан, жакынкы жылдарда шарттар дагы жакшырат деп кепилдик берет. Ал убакыттарга чейин учурдагы кышкы туризм кандай жүрүп жатканы туурасында Гулнара Касымбекова айтып берет:

Похожие видео

Показать еще