Ысык-Көлдө майыптыгы бар жарандардын жүрүшү башталды HD
Чолпон-Ата шаарында 19-августта майыптыгы бар жарандардын жүрүшү старт алды. Жүрүштүн катышуучулары 135 чакырымды басып, 24-августка чейин Каракол шаарына барышат. Биринчи күнү алар 25 чакырымды басып өтүштү. Иш-чаранын максаты майыптыгы бар адамдарга карата стереотиптерди азайтуу, алардын укуктарынын корголушуна көңүл буруу. Жөө жүрүштө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар дагы болот. Бул иш-чарага аймактардан келген 21 адам катышып жатат. _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/ https://www.instagram.com/azattykmedia/ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org https://www.facebook.com/azattyk Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus
Похожие видео
Показать еще