Ысык Көлдөн мен көптөгөн туугандарды таптым HD
"Өнүгүү" чемпионаты мага эмне берди? Жети-Өгүз районунан мен көптөгөн туугандарды таптым. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдө футбол боюнча өткөн "Өнүгүү" чемпионатынын жыйынтыкталуучу аземинде билдирди. Депутат айтымында спорттун элдерди бириктирүүчү чоң касиети бар. -Мен Жети-Өгүз районунун футбол боюнча ардагерлерге терең урматымды билдирип кетким келет. Жарым жыл мурун чемпионатты баштаганыбызда бизге жакшы ниеттерин айтышып, колдошту. Жети-Өгүз районунда дагы көп-көп ушундай спорттук мелдештерди уюштуралы, жаштарды ынтымакка, достукка, чын ден-соолукка үндөйлү, - деди Бакыт Төрөбаев. Мындан тышкары депутат жеңүүчүлөрдү куттуктап, Жети-Өгүз райондук футболчуларды мындан ары да колдоого аларын убадалады. -Футбол боюнча Жети-Өгүз райондук командасы өлкөнүн жогорку лигасына кирди деп уктум. Мен бул команданы мындан ары да колдоп, жаңы жеңиштерин тең бөлүшөм, - деди Бакыт Төрөбаев. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райнунда алты айга созулган футбол боюнча "Өнүгүү" чемпионаты жыйынтыкталды. Чемпионатка Жети-Өгүз району боюнча 30 айылдын жаштары катышкан. Финалга Чырак, Балтабай, Кызыл-Суу командалары чыгышып, биринчиликти Кызыл-Суунун оюнчулары жеңип алышты.
Похожие видео
Показать еще