УКМК: Ысык-Көлдө медициналык бөлүм жана футбол аянтчасы ачылды
УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын медициналык бөлүмүнүн жаңы имараты жана футбол аянтчасы ачылды. Жаңы объектилерди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМКнын Төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев ачты. Камчыбек Ташиев УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкы башкармалыгынын өздүк курамын куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалап, бул иш-чара УКМК бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилиги тарабынан жүргүзүлгөн иштери экендигин белгиледи.