Каракол шаарында жүз элүү жылдан ашык карт тарыхы бар имараттар оңдолуп жатат | Өнүгүүгө карай HD
Каракол шаары быйыл КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору деген макам алды. Азыркы тапта бул иш чарага карата ички жолдор оңдолуп, даярдыктар көрүлүүдө. Негизинен он бештен ашык эл аралык иш чараларды уюштуруу каралууда. Мындан сырткары Каракол шаарындагы жүз элүү жылдан ашык карт тарыхы бар имараттар оңдолуп жатат. Белгилей кетсек шаардын өзүндө 44 жүз жылдан ашкан имараттар бар. Булардын баарын орус архитекторлору, ошол кездеги соодагерлер салган. Айрым имараттары мамлекеттин карамагына өтүп, корголот.