Бали! Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынан күмүш медаль утту
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча 22 жаштагы балбаны Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын күмүш медалына татыды. Финалык беттеште ал упай айырмасында венгриялык тажрыйбалуу балбан Тамаш Лёринцке жеңишти алдырып койду. Эсеп 2:1 менен венгер балбанынын пайдасына жыйынтыкталды. Кыргыздын балбаны жаш экенине карабай татыктуу атаандаштык көрсөттү. Бул эгемен Кыргызстандын тарыхындагы олимпиадалык экинчи күмүш медаль болду. 22 жаштагы Акжол Махмудовдун бул (Олимпиада-2020) биринчи олимпиадасы, анда ийгиликтүү чыгып, экинчи орунду - күмүш медалды камсыз кылды. Лёринц Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун рейтингинде 77 килограмм салмак даражасында экинчи сапта турат. Акжол бул рейтингде алдыңкы ондукка кире элек.