Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасынан күмүш медаль утту
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасынын алтын медалын ута албай калып, күмүш байгеге татыды. Финалдык беттеште ал упай айырмасында япониялык Юкако Каваиге жеңилди. Эсеп япониялык кыздын эсебине чечилип, 4:3 менен аяктады. Ошентип Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын күмүш медалына татыды. Буга чейин бул эки атаандаш - Айсулуу менен Юкако килемде бир нече ирет беттешкен. Биринчиси 2019-жылы болуп, дүйнө чемпионатында кыргызстандык атлет утса, 2020-жылы Азия биринчилигинде жеңишти япониялык кыз алып кеткен. Бул Кыргызстандын Токио Олимпиадасындагы экинчи күмүш медалы болду. Кечээ грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш байге тагынган. Ал эми кыздар күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге утту.