ОКТЯБРЬ ОКУЯСЫ БОЮНЧА КАМАЛГАНДАРДАН БИР ГАНА ФАРИД НИЯЗОВ АБАКТА КАЛТЫРДЫ
2020-жылдын Октябрь окуялары боюнча бир нече адам айыпталып, соттолуп жатканы менен, бирөөсү гана камакта отурат. Ал - Фарид Ниязов. Ниязовдун ден соолугу начар болгонуна, КР Кылмыш-Жаза кодекси боюнча айыпталуучу бир жылдан ашык соттун чечимин түрмөдө кармалбаш керек деген мыйзамга карабастан, Биринчи Май райондук соту Фарид Ниязовдун үй камагына бошотуу өтүнүчүн четке кагып, камакта калтырды.