Султанбай Айжигитов: Протоколдорду жокко чыгаруу керек HD

28.09.2022
Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча 39 жана 42-протоколду жокко чыгаруу керектигин айтты. Ал Тажикстанды агрессияга айыптады. Анын айтымында, тажик тарап протоколдорду жүйөө катары колдонуп, ачык эле кол салууда. Эгерде аларды кыргыз тарап жокко чыгарса, тажик тарап аскердик агрессия көрсөтүүдө шылтоо таппай калат. #СултанбайАйжигитов #Баткен #протоколдор #ЖогоркуКеңеш #Кыргызстан #парламент #Лейлек #Достук #заставалар #Кулунду #Максат

Похожие видео

Показать еще