Д.Орунбеков: Президенттин сөзү бурмаланууда HD
#cgtn Президенттин сөзү бурмаланууда, сын саналуу гана блогерлердин дарегине айтылган. Бул туурасында Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына калтырган билдирүүсүндө айтылат. "Бул күндөрү Кыргызстанга келген оор сыноону элибиз ынтымак менен бирге көтөрдүк. Мамлекетке жардам колун сунган кайдыгер эмес жарандарыбыздын ак ниеттүүлүгүнө күбө болдук. Жарандарыбыз тынч күндөрү ар кандай пикирдеги көз караштардын тарабында болгонуна карабай, оор кырдалда бир муштумга түйүлө бириккенин дагы бир жолу көрсөттү", - дейт ал. Орунбеков активдүү коомдун өкүлдөрү ушул күндөрү мекенчилдик сезимдери менен берилип иштегендигин кошумчалады. "Алардын ар бирин билебиз жана эмгегин жогору баалайбыз. Ошол эле кезде, керек эмес учурда туура эмес, душманга жага турган, өлкөнүн стратегиялык сырларын коомчулукка алып чыккандар болду. Куралдуу кол салуу болгондо коргонуунун мүмкүнчүлүгү, согуштук техникалардын саны, азык-түлүк запасы купуя болушу зарыл". Президенттин сөзүн бурмалап, "бүтүндөй блогерлердин эмгегин жокко чыгарды", - деп айтып жатасыздар. Андай эмес, бул сын саналуу гана блогерлердин дарегине айтылды. Андыктан, ал сөздөрдү ар бириңиздер өзүңүздөргө албаңыздар демекчимин. Ал эми мындай кезде бир муштумдай бириккен калайык журтубузга, активдүү жарандарыбызга, ак ниеттүүлүк менен мекенибизге кызмат кылган ар бир блогер, ыктыярчылардын эмгегин көрүп жаттык, билебиз. Ал тургай президент баш болуп жалпы эл журт ыраазы. Сөзсүз аларды кадырлап сыйлап алабыз", - дейт Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси. #CNN #BCC #ABC #TheNewYorkTimes #WashingtonPost #NBCNews #RussiaToday #DW #Euronews #AgenceFrancePresse #AssociatedPress #Reuters #UnitedPressInternational #Fox #MSNBC #USAToday #TheWallStreetJournal #POLITICO #Bloomberg #HBO #HuffPost #NewsWeek #Time #KyrgyzTajikBorder #BatkenisKG #FreeBatken