Отунбаева: Текебаев менен Чотоновдун чыгышы - тарыхый күн HD

29.08.2019
Экс-президент Роза Отунбаева «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун түрмөдөн чыгышын тарыхый күн деп атады. Бул тууралуу ал үй камагына чыккан саясатчыларды партиянын кеңсесинен тосуп алган учурда билдирди: - Акыйкат келди, бар экен. Бүгүн Кыргызстандын саясий тарыхында өзүнчө көрүнүктүү күн болуп атат. Бүгүн ага баарыбыз күбө болуп жатабыз. Кырдаал канчалык кыйын болбосун эки азамат башын ийбей туруп беришти. Биз Сингапурдай жашап кетпейбиз, бирок биздин системаны күчтөндүрөлү, бийликти акыйкаттыкка алып келели деп баарыбыз күрөшүп жаттык. Азыркы күн ошонун жыйынтыгы. Отунбаева ушул күнгө чейин бирге туруп берген партия жана фракция мүчөлөрүнө, адвокаттарга ыраазычылык билдирди. https://www.azattyk.org/a/30136309.html

Похожие видео

Показать еще