Манасчы Дөөлөт Кыргызстандан чыгып кетти. Аны ким коркутту? HD

05.05.2022
Манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсүн алып Кыргызстандан чыгып кетти. Бул тууралуу бүгүн 5-майда белгилүү болду. Ал өзү “Азаттыкка” комментарий берип, кысым болду деген сөздөр чын экенин айтып, чыгып кеткенин ырастады. Дөөлөт Сыдыков кетер алдында Бишкек СЭЗге караштуу Манас айылынын жетекчилигин да тапшырып бергени маалым болду. Бир айга жакын убакыттан бери эмне үчүн бул манасчынын аты эл оозунан түшпөй жатат? Москвада 111 саат Манас айтып, Гиннестин рекордуна кирүүгө умтулган, кыргызды ошондо дүйнөгө бир дүң кылган Дөөлөт Сыдыковдун капыстан эле мекенди таштап кетүүсүнө эмне себеп болду? Айрымдар окуяны жарым жартылай гана билиши мүмкүн. Ошондуктан окуянын хронологиясын баштан аяк айтып берели.

Похожие видео