Дөөлөт Сыдыков өзгөчө талап менен Москвага учуп кетти
Манасчы Дөөлөт Сыдыков Гиннес рекорддор уюмунун талабына ылайык беш сутка манас айтуу үчүн Москва шаарына учуп кетти. Бул тууралуу аны коштоп бара жаткан жакындары билдирип, Гульзара Кокенова аэропортто тартылган видеону жарыялады. Буга чейин манасчы өзүнүн Facebook баракчасына Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата жана Гиннес рекорддор уюмунун талабына ылайык Москва шаарында беш күн, беш түн манас айтары тууралуу жазган. Иш-чарага Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жана Кыргыз диаспора кеңеши колдоо көрсөтмөкчү.
Похожие видео
Показать еще