Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт HD
5-7-февралда өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, карга айланат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.