Садыр Жапаров ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды HD
Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Төрагасы Садыр Жапаров бүгүн, 25-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына Евразия өкмөт аралык кеңештин (ЕӨАК) отурумуна катышуу үчүн келген Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды.