ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООНУН ИЮНГА ЧЕЙИН ЖЫЛДЫРЫЛЫШЫНА САДЫР ЖАПАРОВ КАРШЫБЫ?
Парламенттик шайлоо 1-июнга чейин жылып кетиши мүмкүнбү? Кечээ депутаттар – конституцияга өзгөртүү киргизген соң гана парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча долбоорду колдоп беришти. Ал эми шайлоо мыйзамдарына болсо – өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, шайлоо күрөөсү 1 миллион сомго, ал эми шайлоо босогосу – 3 пайызга төмөндөтүлдү. Форма 2 аркылуу добуш берүү жокко чыгарылды. Эми Президент кол койсо эле – мыйзам күчүнө кирет деп турушат. Бирок Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров – өзүнүн твиттердеги баракчасы аркылуу – парламент июнга чейин отурбайт деген кескин билдирүү жасаган. Демек, депутаттар сунуш кылган документке Садыр Жапаров кол койбой коюшу ыктымалбы? Кененирээк кабарчыбыздын материалында.
Похожие видео
Показать еще