Жапаров: Баш мыйзам долбоорун биринчи жолу өзүбүз жаздык HD
Президент Садыр Жапаров жергиликтүү кеңешке шайлоо жана Баш мыйзам боюнча референдумга добуш берип жатып, “Кыргызстан буга чейин башка мамлекеттерден көчүрүлгөн Конституция менен жашап келген” деп билдирди. “Отуз жыл аралыгында Конституцияга көп жолу өзгөртүүлөр киргизилди. Бирок кайсы бир мамлекеттен же кайсы бир булактардан Конституциянын долбоорун көчүрүп жазып алып, ошону менен жашап келдик. Биринчи жолу Конституциянын долбоорун аксакалдардын, академик, юридикалык докторлор болуп жүзгө жакын адамдын катышуусу менен өзүбүз иштеп чыгып, түз эфирде элдин талкуусу менен ачык даярдап чыккан Баш мыйзамды кабыл алуу алдында турабыз”, - деди президент. Мамлекет башчы кыргыздандыктарды референдумга активдүү катышууга чакырды. Президент Садыр Жапаров Чоң-Арыктагы №1053 шайлоо участкасында добуш берди. _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/ https://www.instagram.com/azattykmedia/ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org https://www.facebook.com/azattyk Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus
Похожие видео
Показать еще