«Биз конфедерация болуп бөлүнүп кетебизби?» HD
"Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү, партиянын лидери Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоорун кабыл алуунун өзү мыйзамсыз деп билдирди. Анын айтуусунда, "Референдум тууралуу" мыйзам долбоору тиешелүү жол-жоболордон өтүп, коомдук талкууга коюлгандан кийин гана парламентке келип түшүүгө тийиш: "Бизде бир дагы жол-жобосу сакталган жок. Дагы бир нерсе, мыйзамдагы сунушталган мамлекеттик башкаруунун формасы туура берилген эмес. Аткаруу бийлигин уюштуруу жөнүндө сөз болуп жатат. Жакшылап окуп алгыла. Президенттик, парламенттик башкаруу формасы деген жок. Мындай референдумду эч ким тааныбайт. Мамлекеттик башкаруу деген таптакыр башка. Маселе так, ачык болушу керек. Элдин башы айланып калды", деди Өмүрбек Текебаев.