САДЫР ЖАПАРОВ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫШАТ!!!
Садыр Жапаров - Президенттик шайлоого катышат! Бул тууралуу ал - Нарын областына болгон иш сапары учурунда билдирди. Ал президенттик ыйгарым укуктарын тапшырып берген учурда - жарышта ат салыша алаарын юристтер айтып келишкен. Учурда - парламенттик шайлоону токтото туруп, конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча депутаттардын сунушу коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Ал эми БШК парламенттик шайлоонун мөөнөтүн 20-декабрга белгилеп, ага ат салышууга 48 партия ниеттенүүдө. Бирок БШКнын шайлоо өткөрүү чечимин сот жокко чыгарган. Мындай талаш-тартыш - коомчулукта да түшүнбөстүктөрдү пайда кылууда.