Кочкоров: Конституцияны эмес, шайлоо системасын өзгөртүү туура болмок
Конституцияны эмес, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү туура болмок. Бул тууралуу президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин бири, мурдагы эмгек жана социалдык коргоо министри Улукбек Кочкоров 11-декабрда “Азаттыкка” курган маегинди билдирди. Ал октябрдагы элдик толкундоолор, “Биримдик” партиясы, азыркы саясий жана экономикалык кырдаал, баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров тууралуу суроолорго жооп берди.