ФАТИХА сүрөсүнүн маанисин ким билет.
«Фатиха» сүрөсү (1) (котормосу жана мааниси) 1. Ырайымдуу, Мээримдүү Аллаhтын аты менен (баштаймын). 2. Ааламдардын Раббиси – Аллаhка алкыш-мактоо болсун! (2) 3. Ал – Ырайымдуу, Мээримдүү. 4. Кыямат Күндүн падышасы. 5. «Жалгыз Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз! (3) 6. (О, Жараткан! ) Бизди Туура Жолго баштагын! (4) 7. Өзүң жакшылык берген адамдардын (5) жолуна (баштагын). Каарыња учурагандардын жана адашкандардын (6) жолуна эмес». _ 1- Бул сүрө Маккада түшкөн жана 7 аяттан турат. «Фатиханын» мааниси «Ачуучу». Анткени, Кураани Карим дал ушул сүрө менен ачылат жана башталат. 2 - Бул аятта Аллаh Таала Өзүн бизге «Ааламдардын Раббиси» деп тааныштырып жатат. Арабдардын «Рабб» деген сөзүн кыргызчага которгондо «Башкаруучу», «Ээ», «Кожоюн» жана «Тарбия кылуучу» деген маанилерди билдирет. 3 - Аллаh Таала «Фатиха» сүрөсүнүн ушул аятынан баштап, сүрөнүн акырына чейин момун мусулмандардын атынан сүйлөйт. Мусулман адамдар күнүмдүк беш убак намаздарында «Фатиха» сүрөсүн 32 жолу кайталап окушат. Демек, алар Аллаhка күнүнө 32 ирет «Жалгыз Сага гана сыйынабыз, Сенден гана жардам сурайбыз» деп ант беришет. 4 - Бул аятта айтылган туура жол (сиратал мустаким) бузулбаган, бурмаланбаган таза, пакиза Ислам Дини. 5 - Ал адамдар бул дүйнө жашоосунда адашпай, Аллаhка жаман көрүлбөй жашаган пайгамбарлар, шейиттер жана пайгамбарлар алып келген жолго түз-туура ээрчиген салих (таза) момундар. 6 - Аллаhтын каарына учурагандар – жөөттөр, ал эми, адашкан коомдор – христиандар. Алар “Ыйса – Кудай жана Кудайдын уулу” деген ишенимдеринен улам адашкан болсо, яхудийлер Муса алып келген Чындык менен таанышып, аны кабыл алгандан соң, билип туруп Аллаhка башка нерсени (Алтын музоону) шерик кылгандары жана көп пайгамбарларды өлтүрүшкєндїктєн улам Аллаhтын каарына жолуккан.
Похожие видео
Показать еще