2 айдан бери каралбай калган 4 бир тууган ооруканада HD

18.03.2016
Бул балдар учурда Улуттук Фтизиатрия борборунун балдар бөлүмүндө эки айдан бери жатышат. Алар Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынан болушат. Аталган борбордун балдар бөлүмүнүн башчысы Айсалкын Тешебаеванын айтымында эң улуусу кургак учуктун дарыга туруктуу формасына кабылгандыктан, көбүрөөк убакытка чейин дарыланат. Бул бир туугандарга оору кайдан жукканы азырынча белгисиз. Бизге кургак учук деп алып келишкен. Биз бул жакта анализдерди кайрадан тапшыртып, текшердик. Жыйынтыгында экөөсүнүн өпкөсүндө, ал эми калган экөөсүнүн өпкө бездеринде экен.Эки айдан бери дарылап жатабыз. Эми булар алты айга чейин дарыланышат. Эң чоң кыздыкы дарыга туруктуу формасы экен. Аны деген 18 айга чейин дарылашыбыз мүмкүн. Бул балдарга кайсыл жактан жукканын, эми ошол жактагы дарыгерлер аныкташ керек. Биз кайдан жугузганын айта албайбыз.

Похожие видео

Показать еще