Үй бүлө куруу жоопкерчилиги
Колунда ЗАГС кагазы жок туруп баш кошкону жаткандарга нике кыйган молдокелер 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылсын. Үй бүлө кодекси менен кылмыш-жаза кодексине дал ушундай өзгөртүү киргизүү зарыл деген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште отурган Ата Мекен фракциясынын депутаттары демилге катары көтөрүп чыгып, жактырышты. Демилгечи депутаттардын пикиринде мындай өзгөртүү жашы жете элек кыздардын эрте турмушка чыгышына жол бербейт жана эки же андан ашык аял алам деген эркектердин дымагына чекит коет. Кененирээк Тариэл Чуңгуловдун сюжетинде: