Сузак менен Базар-Когон шаар макамын алышы мүмкүн HD
Жалал-Абаддагы Сузак менен Базар-Коргон шаар макамын алышы мүмкүн. Жогорку кеңеште көтөрүлгөн демилге аймактарды өнүктүрүү максатын көздөйт. Демилгечи депутат Өмүрбек Текебаевдин айтымында, эки аймактын тең айылдары толугу менен областык маанидеги шаарлар категориясына дал келет. Ага кошо калкынын саны да жетишээрлик. Эгер демилге колдоо тапса, аймактын инфраструктурасы жакшырат. Бирок эки район буга канчалык деңгээлде даяр? Кылымжан Азамат кызы иликтети.