Абдраимов: Микрофонду көргөндө качайын деп атам HD

07.06.2019
Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов "Азаттыктын" "Эки-бир" берүүсүндө маек куруп жатып, Төмөнкү Орок айылында кабарчы кыз менен болгон окуяга комментарий берди. “Мамлекеттик кызматкер катары бул окуядан кандай сабак алдыңыз?” деген суроосуна ал журналисттерге интервью берүүдөн дагы деле карманып жатканын айтты. “Мен таптакыр эле маек бербей эле коеюн деп чечтим. Билсеңер, мен башынан эле интервью бергенден, телевизорго чыгыштан качам. Коомдук саясатчы болгум келбейт, мен тынч эле эл үчүн иштегим келет. Эми микрофонду көргөндө, токтобой качайын деп атам”,-деди ал. Абдраимов өзү сөз айткан кабарчы кыздан "журналист катары эмес, кыргыздын кызы катары кечирим сурашы мүмкүндүгүн" айтты. Ал кызды мазактабаганын кошумчалады. (Маекти толугу менен бул жерден көрө аласыз) https://www.youtube.com/watch?v=qJ_AAwmxYr0

Похожие видео