Кыргызстанда көптөгөн кыз-келиндерди алдап, төшөк кумарына тартып жүргөн Молдо (convert-video-online.com)
Кыргызстанда көптөгөн кыз-келиндерди алдап, төшөк кумарына тартып жүргөн Молдо атын жамынган жаран пайда болду. Бул тууралуу блогер Илимбек Исраилов өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты. "Бул молдо буга чейин 100го чукул кыз-келин менен жыныстык катнашка барган. "Жин чыгарган молдонун уругу жиндерге уу болот. Мени менен кошулсаң жиниң өрттөнөт" деп, жаш кыз-келиндер барса көкүрөгүнөн, жатынынан кармалап, "ушул жагыңа жин жабышып алыптыр" - деп ар кандай жолдор менен дуба түшүргөнүн кулагыбыз чалды. Бул киши Ысык-Көл облусунун тургуну дешет. Өзүнүн аты Таабалды. Ылакап аты Табый молдо дешет экен", деген пикирин жазды Илимбек Исраилов. Мындай молдо кейпин кийген, адамдын аудиотасмасы соцтармактарда желдей тарады.