Экинчи аял алган Чубак ажыны эки жыл эркинен ажыратуу талабы коюлууда HD
Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын түз эфирде жарыялады. Телекөрүүчүнүн суроосуна жооп берип жаткан мурдагы муфтий, экинчи аял алгандыктан, биринчи аялы таарынып жатканын айтты. Анын күйөөсү көз жумган, өзү Түркияда иштеп жүргөн экен. Исламда кыйналган жесир аялдарга үйлөнгөнгө уруксат берилет. Кыргыз эркектери дагы менин жолумду жолдоп, кыргыз кыздарын тентитпей аялдыка алуусуна жол көргөздүм,- деди диний ишмер. Чубак ажы Жалилов кылмыш жоопкерчилигине тартылыш керек. Себеби Кылмыш жана жаза кодексинин 153-беренесинде көп аял алгандар эки жылга эркинен ажыратылыш керек деп жазылып турат дейт,-блогер Данияр Айтман.