Ооруканада 1,3 жыл жашаган Бурул апа өз балдары менен соттошуп, үйүнө кирди
Жалал-Абад шаарындагы Т.Тайгараев айылынын 71 жаштагы тургуну Бурул Бекташева балдары өз үйүнө батырбай койгонун айтып, сотко кайрылган. Анын талабы канааттандырылып, үйү өзүнө кайтарылды. Келини менен уулдарынын кордугуна кабылганын айткан эне жеке менчик ооруканада 1 жылдан ашуун баш калкалаган. Ал балдарынын ур-токмогуна кабылганы боюнча милицияга арыз менен кайрылып, учурда сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Ал эми уулдары апага бир нече жолу барышканын, үйгө кайтуудан баш тартып койгонун айтууда. Дал ушул үй-бүлөнүн абалын айыл тургундары элдик жыйында талкуулап, ага улгайган апанын балдары да катышты. Анда алар апасын өздөрү бага турганын айтып, коомчулукту бир тараптуу каралабоого чакырышты. Окуянын чоо-жайына аймактык кабарчы кызыгып көргөн. Жашы жетимиштен ашып калган Бурул Бекташева 34 жашында жесир калып, экинчи турмуш күтпөй, чиедей болгон балдарын эрезеге жеткирген. Тазалагыч болуп иштеп жатканда уулдарынан кабар алуу үчүн үйүнө барам деп, жетекчилигинен тил уккан күндөрү да болгон. Кара жумушта иштеп жүрүп баккан балдарына эми карыганда керексиз болуп, алардын түрткүнчүк мамилесине туш болуп жатканын айтууда. Улгайган апа 1 жыл 3 ай ошол эле айылдагы эки кабаттуу болгон жеке менчик ооруканада күн кечирген. Мындан улам ал үйүнөн жай таап, жашоо кечирүү үчүн Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылган. Толугу менен http://www.turmush.kg/ru/news:1596772