Бурулайдин иши: Марс Бөдөшев 20, Акмат Сейитов 7 жылга кесилди HD

11.12.2018
Свердлов райондук сотунун судьясы Санжар Чотонов Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү үчүн айыпталган Марс Бөдөшев менен анын досу Акмат Сейитовду күнөөлүү деп тапты. Сот Бөдөшевди Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Ала качуу”) жана 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча 20 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесип, үй-мүлкүн конфискациялоого өкүм чыгарды. Анын досу Акмат Сейитов Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси (“Кылмыш кылууга көмөк көрсөтүү”) боюнча 7 жылга эркинен ажыратылды.

Похожие видео

Показать еще