Атайын чыгарылыш: Жемкорлуктун желеси үзүлүүдө HD

23.01.2019
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Бишкек жылуулук борборундагы тендер маселеси боюнча соттук отурум аяктап, өкүм чыгарылды. Бул иштин алкагында төрт адамга кылмыш иши козголгон болчу. Бул иштин алкагында “Электр станциялары” ишканасынын мурунку техникалык директору Алмаз Жусупбеков, ушул эле ишкананын мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев жана дагы тендерге катышкан компания өкүллдөрү Темирбек Ниязов менен Канат Деркинбаевге кылмыш иши козголуп, алар ЖЭБди оңдоого деп бөлүнгөн каражатты максатсыз пайдаланган деп кылмыш жаза кодексининдеги бир нече беренелер боюнча айып тагылган. Жакында Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариядан кийин камакка алынган мурдагы жетекчилер Осмонбек Артыкбаев менен Жантөрө Сатыбалдиевге козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө аяктады. Былтыр кышында орун алган Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык, тарых музейин оңдоп түзөөдөн өткөрүү, борбор калаада жер тилкелеринин мыйзамсыз берилиши жана башка бир катар фактылар боюнча козголгон кылмыш иши 2018-жылы коомчулуктун көңүл борборунда болду. Жооптуу кызматтагы адамдар кызмат абалынан пайдаланып мамлекетке канчалык зыян келтиргени соттук териштирүүлөрдө ачыкка чыгып отурат. Чыгымдар миллиондоп саналат.

Похожие видео

Показать еще