Ысык-Атада жол тандабас толугу менен өрттөндү HD

26.08.2018
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, тактап айтканда Бишкек–Торугарт унаа жолунун 25-чакырымында «Лексус ЛХ 570» үлгүсүндөгү унаа жана анын тастыктоочу документтери толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдирди. «Биз унаанын күйүп жатканын көрүп токтодук. Карап турган элдин жанына барганыбызда алар айдоочу, дагы бир киши жана кичинекей бала күйүп кетер алдында унаадан түшүүгө жетишип калышканын айтышты. Куткаруу кызматына болжол менен саат 19:50 чамасында телефон чалышты. Көп узабай алар келип, өрттү өчүрүп, керектүү жардамдарын көрсөтүп жатышты. http://www.turmush.kg/news:351014?from=turmush&place=nowread

Похожие видео

Показать еще