“Эрке мэр” эмне иш бүтүрдү?
Кубанычбек Кулматовдун Бишкек мэри болуп иштеп жатканына туура 1 жыл 8 айдын жүзү болду. Бул аралыкта ага сын айта элек президент эле калган. Акыры өлкө башчысы да агынан жарылып, Кулматовго жыл соңуна чейин Бишкекти таштандыдан арылт, болбосо башка жумуш изде деген таризде сыноо мөөнөтүн берди. “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү мэрдин жагна мэриянын 20 айдагы ишмердигине сереп салды.