Бүтүндөй бир айыл өкмөттү тейлеген кол өнөрчүлөр: Элеттик кол өнөрчүлөрдүн эмгеги элетте баалуу
Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылында айыл өкмөттүн маданият үйүнүн бир бөлмөсүндө 4 жылдан бери кол өнөрчүлөрдөн куралган цех иштеп келе жатат. Цехтин түзүчүсү Актолкун Максутованын айтымында, цехте иш баштоо үчүн 100 миң сом акча кеткен. Арал айылындагы кол өнөрчү аялдардын башын бириктирген айым, Папан айыл аймагы боюнча буюртма алууга жетишкен. Алгач бир гана айылдан буюртма алып иштеп жаткан кол өнөрчү айымдар, кантип бүтүндөй айыл өкмөт боюнча буюртма алып иштегенге жетишкендиги боюнча айтып беришти.
Похожие видео
Показать еще