Жаңылыктар | 11.04.2022 | Казакстан эки жылдан кийин чек арасын ачты HD
Чалгын кызматтарынын маалыматы боюнча Орусиянын күчтөрү Донбасска чабуулга аттанышты. Ал арада Кремль генерал Александр Дворниковду Украинадагы күчтөрүнүн жаңы командири кылып дайындады. Бүгүнкү сот отурумунда 2020-жылдын Октябрь окуялары боюнча соттолуп жаткандарга айыптары расмий угузула баштады. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев нааразылыгын билдирип, судьянын талабы менен сот залынан чыгарылды. Кыргызстандыктар бүгүнтөн тартып Казакстанга чек арадан тоскоолдуксуз өтө баштады. Коңшу мамлекет мындан эки жыл мурда коронавируска байланыштуу чек арасында киргизген чектөөлөрүн алып салды. #Казакстан #Атамбаев #Украина _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/ https://www.instagram.com/azattykmedia/ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org https://www.facebook.com/azattyk Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus