Мөңгүлөрдү сактагыла
Мөңгүлөрдүн ролу ар тараптан маанилүү: алар абанын температурасын төмөндөтүп, жаан-чачындын көбөйүшү менен климатка таасир этет. Мөңгүлөр көптөгөн дарыялардын башаты жана калкты таза суу менен камсыз кылат. Тянь-Шань мөңгүлөрүнүн ээриши Борбор Азияда суунун жетишсиздигине алып келүүдө, сугаттын жана ичүүчү суунун көлөмү кескин азайып, азык-түлүк коопсуздугу маселеси келип чыгат. Эмиль Токтошев “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү менен Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалалоого каршы турган. Бирок сейрек кездешкен жапайы жаныбарларды атууга мораторий киргизүү сыяктуу, өлкөнүн туруктуу жана көзкарандысыз өнүгүүсүнө багытталган Давыдов менен Лысый мууз чокуларын коргоп калуу сунушу ишке ашкан жок. Мыйзам чыгаруучулардын дээрлик 80% өлкөбүздүн эң чоң баалуулугу - мөңгүлөрдү жана таза сууну мындан ары жок кылуу үчүн добуш берди. Эмил Токтошев ушул багытта ишин улантып, аягына чейин алып барат.