Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жолугушту

26.07.2019
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 26-июлда Ак-Сай менен Ворух айылынын чек арасында жолугушуп, чек арага жакын жайгашкан айылдын элдери менен сүйлөшүштү. Президенттин басма сөз кызматы эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусу Исфара шаарында, андан соң Чолпон-Ата шаарында уланарын билдирди. Мунун алдында Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен жолугуп, чек арадагы кырдаал бийликтин көзөмөлүндө экенин жана чек арага жакын айылдардын маселеси жакын арада чечиле баштарын айтты.

Похожие видео

Показать еще