Тажик бийлиги күмбөздөрдү буздурууда HD
#БүгүнАзаттыкта дүйнө жаңылыктары: 00:49 – Европарламентке шайлоодо ашынган оңчулдар менен жашылдар ийгиликке жетти. 04:14 – АКШ президенти Токиодо жапон премьери менен Түндүк Корея жана Иран маселелерин талкуулады. 07:00 – Тажик бийлиги элди маркумга эстелик тургузуунун ордуна каражатты кайрымдуулукка жумшоого чакырды. 09:50 – Эки жылга созулган араздашуудан кийин Сауд Арабиясы Катарды чөлкөмдүк саммитке чакырды. 10:44 – Литвадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Гитанас Науседа жеңип чыкты. 11:29 – "Human Rights Watch" Германиянын президентинин "Ташкент" сапары учурунда өзбек бийлигинен дагы терең реформаларды жүргүзүүнү талап кылууга чакырды. 12:11 – Пакистанда жергиликтүү дарыгердин айынан ВИЧке чалдыккандардын саны 700 кишиге жетти. 12:57 – АКШда роботтор башкарган жүк ташуучу унааларды сыноо башталды.