Бүгүн залкар акын Сооронбай Жусуевдин сөөгү жерге берилди

06.02.2016
Бүгүн залкар акын, кыргыз эл баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси Сооронбай Жусуевдин сөөгү жерге берилди. Белгилүү акын 4-февралда 91 жаш курагында дүйнө салган. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына көптөгөн белгилүү адамдар, бийлик өкүлдөрү жана калың эл катышты. Кыргыз эл баатыры менен коштошууга коомдук, мамлекеттик ишмерлер, өкмөт мүчөлөрү, илимпоздор жана башка көптөгөн адамдар чогулган. Баардыгы улуу акынды жоктоп, аза күтүштү. Сооронбай Жусуевдин артына калтырып кеткен изи эскерилди. Президенттин атынан жакындарына жана жалпы кыргыз журтуна көңүл айтылды.

Похожие видео